Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басарлары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу пезиденттин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басарлары Абдулазим Курманов жана Олег Тарбинский ээлеген кызматынан бошотулду.