Кытайдын Кыргыз жергесиндеги элчилиги тарабынан маданият жана искусство мектептерине грант катары музыкалык аспаптар тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Аспаптарды тапшыруу иш-чарасына министр Азамат Жаманкулов жана Кытайдын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ду Дэвень катышты.

«Министрликтин алдындагы борбордогу жана аймактардагы окуу жайларга баасы 2 миллион 400 миң сомго турган музыкалык аспаптар салтанаттуу тапшырылды. Аспаптардын арасында фортепиано, саксафон, скрипка, кыл кыяк, флейта, гитара, өрүк комуз жана жетиген сындуу аспаптар бар. Андан кийин министр менен элчи кыскартылган форматта сүйлөшүп, анда эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык кызматташуунун 30 жылдыгына карата биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Өз кезегинде Ду Дэвень маданий алака менен бирге министрликтин тармактарынын кеңейип жаткандыгын кубаттоо менен, спорт тармагында да кызматташуу ниети бар экендигин айтып, биргелешкен долбоорлорду алып барууну сунуштады», — деп айтылат билдирүүдө.