Президент Садыр Жапаровго “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча маалымат жеткирилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Мамлекет башчысы өлкөнүн Ички иштер министрлигине бул факты боюнча бардык жагдайларды иликтеп чыгууну, Өмүрбек Текебаевге карата орун алган аракеттерди жасаган адамдарды аныктоо максатында тыкыр ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүнү жана тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле болгон окуяда аны айрым күчтөр өз максаттарына колдонууга аракет кылып жатканын жокко чыгарууга болбойт. Белгилей кетсек, ар бир адам макамына жана ээлеген абалына карабастан укук коргоо органдарынан өз укуктарын жана эркиндигин коргоону талап кылганга акысы бар. ИИМ өз кезегинде коомдогу жана мамлекеттеги тартип менен мыйзамдуулукту коргоо боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүүгө милдеттүү”, — деп билдирди Эрбол Султанбаев.