Ички иштер министрлигинин кызматкерлери азыркы учурда Ө.Текебаевге кол салуу фактысы боюнча кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн зарыл болгон бардык ыкчам-тергөө иш-чараларды жүргүзүүдө.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ички иштер органдары тарабынан бул факты боюнча бардык жагдайлар текшерилип, шектүүлөрдүн өздүгүн тактоо жана аларды кармоо максатында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Милиция кызматкерлери тарабынан бул кылмыштын бетин изин суутпай ачуу үчүн масштабдуу ыкчам иштер жүргүзүлүүдө. Кылмыштын бетин ачуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин жеке көзөмөлүнө алынды.

ИИМдин Басма сөз кызматы