Учурда кыргыз коомчулугунда, өзгөчө саясий чөйрөдө Өмүрбек Текебаевдин сабалышы резонанс жаратып турган учур. Бул маселе бир топ күмөндүү ойлорду жаратууда. Бир топтор “бийликти жаман көрсөтүү максаты” дешсе,экинчи топ “Текебеав хайп жаратып, өзүнө-өзү кол салды, болбосо үч бусиктеги жигиттер соо коймок эмес” деген пикирлерин айтышууда. Тилекке каршы ошол учурда Текбаевди сабаган жигит Санжар деп сүрөту менен социалдык тармактарга тарады. Ал жигит Баткенден чыгып, “мен Баткендемин облустагы Ички Иштер башкармалыгына өзүм келдим. Анткени мен Баткенде туруп кантип борбордо турган Текебаевди сайбайт элем. Бул мага жабылган жалаа” деп айтууда. Чындыгында Санжар атуу активист Текебаевди ура калып Баткенге бир саатта жетмек эмес. Бул түшкө кирбеген окуя. Анткени Баткенге жетүү үчүн туура бир күндүк жол. Ал эми самолеттер Баткенге такай эртең мененки рейстер гана учат (туда-обратно).

Ал эми, Жалбырак ТВнын ютуб каналына, Токмоктун депутатымын деп өзүн тааныштырган Чолпон Сыдыкова  айым , Текебаевди ким сабаганын, ал азыр учурда Токмок шаардык кеңештин депутаты экенин, жана алардын максатын, уюштурган иш аракеттерин төкпөй чачпай баяндап берди.

Учурда, кандай гана жагдай болбосун акыркы чечим бийлектен көз каранды болуп турат. Чуулгандуу жана табышмактуу Текебаевдин сабалышын тыкыр иликтеп, коомчулукка көрсөтүп, хайппы же кол салуубу экенин ийне жибине чейин иликтеп көрсөтүшү болуп турат.

 

Мыктыбек  Бишкектен