Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча билдирүү таратты. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде Кыргызстандын парламентинин депутаттарын шайлоо тууралуу билдирүү жасады.

Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги эл аралык байкоочулардын абсолюттук көпчүлүгү, анын ичинде КМШнын байкоочу миссиясындагылар добуш берүү эркин, ачык жана өлкөнүн улуттук мыйзамдарына ылайык өткөнүн белгилей турганын баса белгилейт.

Кыргыз тарапка Россия Федерациясынын аймагында республиканын жарандарынын добуш берүүсүн уюштурууда ар тараптуу жардам көрсөтүлдү: 16 аймакта 21 шайлоо участогу ачылган, тактап айтканда, Москва шаарында алты шайлоо участкасы уюштурулган.

«Биз Кыргыз Республикасынын элинин эркин билдирүүнүн натыйжалары ички туруктуулукту чыңдоого, ошондой эле бул өлкөнүн укуктук демократиялык өнүгүүсүнө, экономикасынын прогрессивдүү өсүшүнө жана улуттун жыргалчылыгын шарттайт деп үмүттөнөбүз.

Кыргыз парламентинин жаңы курамы Россия Федерациясы менен стратегиялык союздаштык мамилени улантып, евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди тереңдетип, Борбордук Азияда тынчтык менен коопсуздуктун кызыкчылыгында биргелешкен күч-аракеттерди түзөт деп ишенебиз», — деп айтылат билдирүүдө.