Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Баткен облусунун Баткен районунун Дахма жерлигинде түн тынч өткөндүгүн билдирди. Аталган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү 1-декабрда Баткен облусунун Төрт-Көчө жерлигинде саат 23.30да жолугушту. Ага чектешкен райондордун акимдери, укук коргоо жана эки тараптын тийиштүү органдарынын өкүлдөрү катышты. Тараптар Дахмада, мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерде ок атылган окуяны талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2021-жылдын 2-декабрынан баштап эки тараптын укук коргоо органдары коомдук тартипти камсыздоо максатында чектешкен аймакта биргелешкен кайгуул уюштуруу чечимин кабыл алышты. Эки тараптын чек арачылары күнүмдүк тартипте кызмат өтөп жатышканын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Эртең мененки саат 09.00 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу экени кабарлады.

Мунун алдында Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы Дахма аймагында ок атылганын билдирген.

Расмий кабарга ылайык, 1-декабрда кечки саат 9дан өткөндө мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок атышкан. Окуя болгон жерге Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара бекеттеринин жетекчилери келип, мылтык аткандарды чогуу издөөнү макулдашкан. Күч органдарына да кабар берилген. Тажикстандан расмий комментарий боло элек.

Ушул күнү Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунун кошуна өлкөнүн жарандары сабап коюп, ооруканага түшкөн. Кыргызстандыктар да бир тажик жаранын кармап алып, кийин бошотушканы кабарланган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез жаңжал чыгып турат. 2021-жылдын жазындагы куралдуу кагылышта эки тараптан ондогон тургундар, аскерлер көз жумган.