2021-жылдын 28-октябрында Белорусияда  биология боюнча VII интернет-олимпиада болуп өтүп, анын жыйынтыгы чыгарылды.  Олимпиадага КМШ өлкөлөрүнүн 8-11-класстын окуучулары аралыктан катышышты. Анын натыйжасында адаттагыдай эле Кыргызстандын намысын “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары коргошту. “Сапаттын” окуучулары   5 дипломго ээ болушту: II даражадагы 1 диплом, III даражадагы 4 диплом.

Атап айта турган болсок, Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүүчү лицейдин 10-классынын окуучусу  Абдисаматов Нурислам 2-орунга, ушул эле мектептин 11-классынын окуучусу Доценко Дмитрий 3-орунга, Таластагы “Манас Ата” лицейинин 11-классынын окуучусу Аазанов Арген 3-орунга, Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицейдин 11-классынын  окуучусу Жумагулов Бекмырза 3-орунга, ушул эле мектептин 11-классынын окуучусу Өмүралиев Абай 3-орунга ээ болушту.

Белгилей кетсек, билим боюнча эл аралык олимпиадаларда “Сапат” билим берүү мекемесинин окуучулары катышып, алдыңкы орундарды багындырып, ийгиликтерге жетишип келишет. Ал гана эмес “Сапаттын” окуучулары жалпы республикалык теситрлөөнүн жыйынтыгы менен да жогорку баллдарды алып келишерин билебиз.