Азык-түлүктүн кымбатташы өлкөлөрдү алдын алуу чараларды көрүүгө мажбур кылууда
Акыркы бир жарым-эки жылда азык-түлүктүн кымбатташы ЕАЭБ өлкөлөрүн алдын алуу чараларды көрүүгө мажбур кылууда. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян II Евразиялык конгрессте билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын аягында Жогорку экономикалык кеңештин жыйынында ЕАЭБдин бирдиктүү товар бөлүштүрүү тармагын түзүү сунушталган. ЕЭКтин изилдөөлөрү жана логистикалык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуулар теманын актуалдуулугун көрсөттү.

«Бирдиктүү тармакты түзүү жалпы логистикалык пайданы оптималдаштырууга алып келиши мүмкүн. Бизде союзда зор олуттуу айыл чарба ресурстары жана кадрлардын жогорку децгээли бар. Бул жерде белгилүү бир технологиялар бар, бизде эң сонун географиялык жайгашуу бар, бул айыл чарба потенциалыбызды жогорулатууга мүмкүндүк берет», — деди Артак Камалян.