Урмат Самаев Өмүрбек Текебаевге кол салууга тиешеси бар деген маалыматты четке кагууда.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда кармалган Ыбыш Эшпаев Урмат Самаевдин өкүл  баласы экени айтылган.

«Кармалган 23 жаштагы Ыбыш Эшпаевди, ошондой эле Токмак шаарынын жана Чүй облусунун 70-80% тургундарын билем. Мен ушул жерде туулуп-өскөм жана бул жактагылардын дээрлик бардыгын тааныйм. Ышпаев  менин шоопурум эмес, ал менин өкүл балам да эмес Эшпаев үйлөнө элек, ошондуктан өкүл бала болушу таптакыр мүмкүн   эмес.

Мага жалаа жапкандардын баарын сотко берейин деп жатам. Кантип мен шайлоо процессине кийлигише алам? Акыркы убакта Токмокто кандай окуя болбосун, бардыгына мени күнөөлөп жатышат. Мунун баарына таң калдым», — деди Самаев.