Бүгүн, 3-декабрь саат 9:00гө карата Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча бюллетендердин 90,06 пайызы маалыматтык серверге киргизилди.

Буга чейин БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендер кол менен саналып бүткөнүн, серверге киргизилип жатканын кабарлаган.

Бирдиктүү шайлоо округунан шайлоого 1 миң 6 талапкерден турган 21 партия катышкан.

Добуштардын 90 пайызын кол менен саноонун жыйынтыгында төмөнкү партиялар беш пайыздык босогодон өттү:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 16,19%,

«Ишеним» — 13,70%;

«Ынтымак» — 11,23%;

«Альянс» — 7,96%;

«Бүтүн Кыргызстан» — 6.57%;

«Ыйман Нуру» — 6,19%.