“Нурлуу кайрымдуу кыздар” жамааты 3-декабрь ден- соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнүнө карата иш-чара уюштурду. Иш-чарага 100гө жакын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар чакырылып, аларга майрамдык маанай тартууланып, ыр, бий, сый тамак уюштурулуп белектер  таратылды.

Аталган иш-чарага коомдук активисттер, ырчылар жана саясатчылар катышты.

Белгилей кетсек, “Нурлуу кайрымдуу кыздар” жамааты өз алдынча чакан ишканалары бар 60 айым топтолуп, бир жылдын ичинде бүт республикага 40 млн сомго жакын жардам көрсөтүштү. Айымдар өз ара бекитип алган төлөмдү ай сайын чогултуп турушат. Чогулган акчага муктаждарга даректүү жардам беришет.