Бүгүн, 2021-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жыйындар залында “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” акциясына арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага ички иштер министринин орун басары  милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, Кыргыз Республикасындагы балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Боромбаева, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм начальниги, милициянын полковниги Нуржан Адылова, «Оэйсис» кайрымдуулук фондунун директору Мээрим Осмоналиева, Аламүдүн районунун Лебединовка №2 мектеп-гимназиясынын директору жана окуучулары катышты.

Иш-чараны ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов ачып, катышуучуларды куттуктап, коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы  көз карашын калыптандыруу, жарандардын зомбулуктун бардык түрлөрүнө карата түшүнүгүн жана маалымдуулугун жогорулатуу керектигин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова өз сөзүндө Кыргыз Республикасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде биринчилерден болуп “Үй-бүлөлүк зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алганын, муну менен үй-бүлөлүк зомбулукту тааныгандыгын белгиледи. Коркунучтуу жана кабыл алынгыс көрүнүштөр менен ар бир адам күрөшүүгө тийиш. “Биргелешкен аракет менен гана урпактарыбыз сыймыктана турган өнүккөн Кыргызстанды кура алабыз” деп белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Аламүдүн районундагы Лебединовка №2 мектеп-гимназиясынын окуучулары концерттик программа тартуулашты. Алар ыр–бий арнашып, зордук-зомбулукка каршы көрүнүштөрдү көрсөтүштү. Жаш муундарга социалдык роликтер көрсөтүлүп, ошондой эле эстелик белектер тапшырылды. Ички иштер министрлигинин административдик имаратына жана полковник С.Наматбаев атындагы ИИМдин музейине экскурсия уюштурулду, анын жүрүшүндө жаштар ИИМдин Басма сөз кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө боюнча модернизацияланган борбору менен таанышып, ошондой эле ИИМдин тарыхы, иши жана негизги функциялары менен тааныша алышты. Иш-чаранын соңунда катышуучулар мемориалдык тактага гүл коюп, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин элесине таазим кылышты.

Иш-чаранын негизги максаты — ички иштер органдарынын өкүлдөрү менен өсүп келе жаткан муундун ортосунда ишенимдүү мамилелерди түзүү.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы