Социалдык фонд өзүнүн социалдык банкын түзүүнү пландоодо. Бул тууралуу  брифингде фонддун башчысы Бактияр Алиев билдирди.

“Соцфонддун топтоо эсебинде турган каражаттар орточо 10-12% менен банкттарга депозитке берилет. Андан ары бул акчалар керектөөчүгө берилет, башкача айтканда банк маржасын 5-15% га көбөйтөт, жылдын аягында депозитти төлөп, өзүнө 10% маржа калтырат. Биз өзүбүздүн банкты түзүүнү, мисалы, “РСК” банкын сатып алып, кичи жана орто бизнести жана керектөө насыяларын ортомчуларсыз каржылоону пландап жатабыз. Ошондой эле ипотекалык насыялоо менен алектенгибиз келет, б.а. үйлөрдү өзүбүз курабыз. Жер мамлекет тарабынан берилип, коммуникациялар орнотулган болсо, батирлердин баасы арзан болот, ошентип ипотеканы 3% га чейин түшүрсө болот”, — деди ал.

Алиев бул пландарын жакын арада министрлер кабинетине сунуштай турганын белгиледи.