Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында жайгашкан Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине (ССМ) барды.
Мамлекет башчысы социалдык стационардык мекеменин заманбап жабдуулар менен жабдылган жаңы имаратын көрдү.
Ал социалдык мекеменин тарбиялануучуларынын тамак-аш, окуу жана жашоо шарттары менен таанышып, алардын сабактарына катышып, балдар менен баарлашып жана аларга белектерди тапшырды.
Тарбиялануучулардын тамак-ашынын рациону менен таанышуу учурунда Президент Садыр Жапаров балдардын тамак-ашына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи. «Күнүмдүк рацион балдардын өнүгүүсүнө, саламаттыгына жана иммунитетине таасир этет. Бизге аларды ар түрдүү, пайдалуу жана толук кандуу тамак-аш менен камсыздоо зарыл», — деди ал.
Мамлекет башчысынын суроосуна жооп берип, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев республиканын социалдык стационардык мекемелериндеги балдардын тамак-ашына бир күндүк чыгымдын ченеми бир адамга 110 сомду түзөрүн билдирди.
Садыр Жапаров учурда бөлүнүп жаткан сумма балдардын жана чоңдордун физиологиялык муктаждыктарын канааттандырууга зарыл болгон табигый тамактануу ченемдерине жооп бербей турганын белгиледи.
Возможно, это изображение (5 человек, люди стоят и в помещении)
Буга байланыштуу Президент Садыр Жапаров Кудайберген Базарбаевге, ыкчам түрдө өлкөнүн бардык социалдык мекемелеринде тамак-аш үчүн бекитилген акчалай ченемди эки эсе көтөрүү боюнча Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.
Ошондой эле, Мамлекет башчысына тарбиялануучулардын чыгармачылыгы жана кол өнөрчүлүгү көрсөтүлдү. Президент Садыр Жапаров балдарды чеберчилиги жана чыгармачылык иштери үчүн мактап, социалдык мекеменин тарбиялануучусу кийизден жасалган сүрөттөрдүн бирин сатып алды.
Андан соң ал, психоневрологиялык социалдык стационардык мекеменин мугалимдери жана тарбиячылары менен жолугушуу өткөрдү.
Садыр Жапаров мекеменин эмгек жамаатына баа жеткис эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, алар аткарган иштин маанилүүлүгүн белгилеп, социалдык чөйрөнүн кызматкерлерин колдоо боюнча пландар тууралуу айтып берди. Негизинен, 2022-жылы пландалып жаткан эмгек акыларды жогорулатуу маселеси жөнүндө.
Возможно, это изображение (1 человек и в помещении)
ССМ кызматкерлери өз кезегинде Мамлекет башчысына көңүл бургандыгы жана колдоосу үчүн ыраазчылык билдиришип, ийгилик каалашты.
Возможно, это изображение (3 человека, люди сидят, люди стоят и в помещении)
Президент Садыр Жапаров ошондой эле, Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин директору Акылбек Асановго мекемеге финансылык колдоо иретинде 500 000 (беш жүз миң) сомдук сертификат тапшырды.
Возможно, это изображение (2 человека и люди стоят)
Возможно, это изображение (3 человека, ребенок и люди стоят)