Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова бүгүн, 3-декабрда, гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын алкагындагы иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги уюштурган иш-чарага Бишкек шаары жана Чүй облусунан 150дөн ашуун окуучу катышты.

Быйыл Кыргыз Республикасы 16 күндүк акцияны “Зомбулукту токтот, коркпо, жаша!” ураанынын алдында өткөрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, бул 16 күндүк өнөктүк кыздар жана аялдарга карата зомбулукту жашырбоого, калкты маалымдоого жана аң-сезимди өзгөртүүгө багытталганын белгиледи.

«Бардык дискриминацияны токтотууга багытталган биргелешкен аракеттерди активдештирүү зарыл. Кыздар жана аялдар зордук-зомбулукка туш болбошу керек, бул укуктарды ишке ашыруу жана жалпы өнүгүү үчүн өтө олуттуу көйгөй”, — деди Жыпариса Рысбекова.