Бүгүн, 3-декабрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Мамлекет башчылары кыргыз-орус мамилелеринин эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдиктеги төрагалыгын эске алуу менен евразиялык мейкиндикте өз ара аракеттенүүнү өрчүтүүнү талкуулашты.
Өлкө лидерлери тараптар ортосундагы активдүү диалогду союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде улантууга келишишти.