Жогорку Кеңешке бирдиктүү шайлоо округу боюнча өткөн шайлоодо бюллетендердин 99,84% маалыматтык серверге киргизилип бүттү.

Жалпы 2494 шайлоо тилкеси болсо, анын 2490унан протоколдор түштү.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бюллетендер кол менен саналып бүткөнүн, серверге киргизилип жатканын кабарлаган.

Бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия катышкан. Добуштардын 99 пайызын кол менен саноонун жыйынтыгында төмөнкү партиялар беш пайыздык босогодон өттү:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 17,19%,

«Ишеним» — 13,55%,

«Ынтымак» — 10,90%,

«Альянс» — 8,26%,

«Бүтүн Кыргызстан»— 7,01%,

«Ыйман Нуру» — 6,1% добуш алды.