Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 4 үй-бүлөгө «Берешен кол» кайрымдуулук коомдук фонду тарабынан курулган үйдүн ачкычтары тапшырылды.
Турак жай «Берешен кол» кайрымдуулук коомдук фондунун демөөрчүлүгү менен бүткөрүлүп Баткен шаары жана Баткен районунундагы муктаж болгон тургундарга берилди.
Шаар мэри Имамназар Бурканов «Берешен кол» кайрымдуулук коомдук фондуна, Бекболот Нажимидиновго, Айбек Сейдакматовго, фонддо эмгектенип жаткандарга, үйдүн курулушуна ар тараптуу салымын кошуп келген бир туугандарыбызга ыраазычылыгын билдирди.
Иш чараны ачуу аземине Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробеков, КРнын муфтийинин орун басары Абибила ажы Кадырбердиев, дин аалымы Тариел Абжалбеков, Абдыкалык каары Эшматов, Муфтияттын Египеттеги өкүлү Акылбек ажы Тагаев, төкмө акындар Абдибали Акимбеков, Мухаммед Султанов, Бишкектен келген коноктор, шаар тургундары катышты.
Муктаждарга үй куруу үчүн 7,5 сотых жерди Баткен шаардык мэриясы бөлүп берген. Ал эми үй «Берешен кол» кайрымдуулук коомдук фонду тарабынан демилгеленип курулган.
Булак: Баткен медиа борбору