«Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык чараларды көрүшпөйт», — деп билдирди Чүй жана Жалал-Абаддагы гендердик зомбулук фактыларынын мониторингинин бет ачаарында “Инновациялык чечимдер” коомдук бирикмесинин юристи Курманбек Турдалиев.

Изилдөө “Гендердик зомбулуктун курмандыктары үчүн мыйзамдын үстөмдүгүнө жана сот адилеттигине жетүүгө көмөктөшүү: алынган сабактар ​​жана сунуштар” долбоорунун алкагында 15 ай бою жүргүзүлдү.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2020-жылы гендердик зомбулук фактылары боюнча кризистик борборлорго 7 миңден ашык кайрылуу катталган.

«Гендердик зомбулук деп физикалык зомбулук гана эмес, никеге байланышкан зордук-зомбулук, адам сатуу, алимент төлөөдөн качуу, үй-бүлөдөгү зомбулук жана башкалар түшүнүлөт. Жасалган изилдөөдө биз мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү башкаруу органдарынын гендердик зордук-зомбулуктун фактыларына кандай реакция жасашаарын иликтеп чыктык. Биздин максат гендердик зомбулук фактыларына натыйжалуу чара көрүү боюнча институционалдык, укуктук жана укук коргоодогу кемчиликтерди аныктоо жана талдоо, ошондой эле гендердик зомбулуктун курмандыктарына кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча сунуштарды берүү болду», — деди Курманбек Турдалиев.

Юрист ошондой эле пилоттук аймак катары Чүй жана Жалал-Абад облустары тандалганын, анткени бул аймактарда гендердик зомбулук фактылары эң көп катталаары менен түшүндүрдү.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча өткөн жыйынга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, эл аралык өкүлчүлүктөрдүн жана уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.