ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна (ЖУАБ) 3 жаштан 18 жашка чейинки адашкан, үйдөн жана балдар мекемелеринен ɵз алдынча кетип калган, издɵɵдɵ жүргɵн жана ата-энелери же аларды алмаштырган адамдары жок, мамлекеттин жардамына муктаж болгон жашы жете электер жеткирилет. ЖУАБга жылына 1200дөн ашуун жашы жете электер жеткирилет.

ЖУАБ ɵз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана КМШнын компетенттүү органдары менен тыгыз кызматташуу аркылуу жүргүзөт.
Жашы жете электерди туруктуу жашаган жерине кайтаруу боюнча КМШга мүчө-мамлекеттердин кызматташуусу жɵнүндɵ макулдашууга ылайык (2002-жылдын 7-октябрында Кишинёв шаарында кол коюлган) ЖУАБ Кыргыз Республикасында КМШ ɵлкɵлɵрүнɵн жашы жете электерди кабыл алып, коштоп жүрүүчү жалгыз транзиттик борбор болуп саналат.
Жашы жете электердин ɵздүгүн, ата-энелердин жашаган жерин тактоо, ошондой эле мамлекеттик чек аралардан ɵтүүдɵ талап кылынуучу документтерди аныктоо максатында, ЖУАБ Россия Федерациясынын Москва жана Санкт-Петербург шаарлары боюнча ИИМдин башкы башкармалыгынын “Укук бузууларды жасаган жашы жете электер үчүн убактылуу борбору”, Казакстан Республикасындагы Билим берүү башкармалыгынын “Балдарды адаптациялоо борбору” жана Өзбекстан Республикасынын ИИМнин “Жашы жете электерге социалдык-укуктук жардам кɵрсɵтүү борбору” сыяктуу транзиттик борборлор менен тыгыз байланышта болуп келүүдө. ЖУАБнын кызматкерлери КМШнын компетентүү органдары менен тажрыйба алмашып, бул чөйрөгө тиешелүү болгон окуу жана усулдук адабияттар, ченемдик актылар менен таанышып турушат.
2021-жылдын 11 ай ичинде КМШ аймагында ата-энеси же аларды алмаштырган адамдары жок жүргɵн Кыргыз Республикасынын жарандары-16 жашы жете элек ЖУАБка жеткирилишкен. Алардын ичинен, 3 кыз, ал эми 13 болсо эркек балдар. ЖУАБтын кызматкерлери Казакстан Республикасына иш сапары менен барып, 2 жашы жете электи туруктуу жашаган жерине кайтарып алып келишкен, ал эми калган 14 жашы жете электер Россия Федерациясынын компетенттүү органдары тарабынан кайтарылышкан.
Кайтарылган жашы жете электер менен алардын жашоо-шартын, үй-бүлɵдɵгү тарбиясы жана башка мамлекеттин аймагында болуунун себептерин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, аларга келген ата-энелерине же аларды алмаштырган мыйзамдүү ɵкүлдɵрүнɵ тапшырылып берилишти.

ИИМдин Басма сөз кызматы