Коом
Добуштарды кол менен саноо аяктады. Жогорку Кеңешке 6 партия өттү
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун бирдиктүү округу боюнча 2 миң 494 участканын 2 миң 493ү (99,96%) кол менен саналып бүттү.
Бирдиктүү округ боюнча 1 миң 6 талапкерден турган 21 партия ат салышты.
Учурда 5 пайыздык босогону төмөнкү партиялар ашып өттү:
“Бүтүн Кыргызстан” — 7.03%;
“Альянс” — 8.33%;
“Ыйман Нуру” — 6.15%;
“Ынтымак” — 11.00%;
“Ишеним” — 13.63%;
“Ата-Журт Кыргызстан” — 17.31%.