«Түндүкэлектр»  ишканасы эртең, 7-декабрда 5 600 дөн ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирет.

«Түндүкэлектр» ААКсынын маалыматына караганда, 5600 дөн ашуун абонент электр энергиясына болгон карызын төлөбөй келет.

«Жалпы дебитордук карыз 12,3 миллион сомду түзөт. Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн  абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырабыз», — деп айтылат ишкана берген маалыматта.