Кара-Кече көмүр кенине тазалоо иштери жүрүүдө, ошондуктан жеке жүк ташуучу унаалар үчүн берилбей жатат. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» ишканасынын маалымат кызматынан маалымдашты.
Ишканадан билдиришкендей, учурда көмүр калкка 3 миң сомдон сатуу үчүн жана Бишкек ЖЭБине үзгүлтүксүз негизде берилүүдө.
«Тазалоо иштери бир жумага созулат», — деп кошумчалашты ведомстводон.
Белгилей кетсек, Кара-Кече көмүр кенинде жеке жүк ташуучу унаалардын айдоочулары нааразылык акциясына чыгышкан. Алар көмүр кени жеке ишкерлер үчүн жабык экендигин билдирип, аларга көмүр сатылбай жатканына нааразы болушкан.