Бүгүн, 6-декабрда мамлекет башчы Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 53 жашка чыкты.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султамбаев жергиликтүү басылмалардын бирине билдиргендей, мамлекет башчынын бул күнү башка катардагы иш күндөрүнөн айырмаланбайт.

«Садыр Жапаров туулган кунун жумуш ордунда өткөрүп жатат. Алдын-ала пландаштырылган жолугушуулар жана башка жолугушуулар адаттагыдай эле өтөт. Кечинде президент туулган күнүн үй-бүлөсү менен тар чөйрөдө белгилейт», — деди ал.

Садыр Жапаров кандай белек алганы айтылган эмес.

Башка мамлекеттердин президенттеринен да куттуктоолор келген.

Алсак, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөшүп, туулган күнү менен куттуктады.

«Туулган күнү менен куттуктап, Садыр Жапаровго чын жүрөктөн чың ден соолук, бакубатчылык жана зор ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады. Ал Садыр Жапаровдун эки өлкөнүн ортосундагы достук жана стратегиялык мамилелерди чыңдоого кошкон олуттуу салымын белгиледи», – деп айтылат маалыматта Өзбекстандын башчысына шилтеме берип.

Президент Садыр Жапаров өзбек кесиптешине жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирип, кыргыз-өзбек күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча достук диалогду жана конструктивдүү биргелешкен ишти улантууга даяр экенин ырастады.

Садыр Жапаровду туулган күнү менен Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев да куттуктады. Ага чың ден соолук, бакубатчылык жана бир тууган Кыргызстандын бакубаттуулугу үчүн мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров куттуктоо үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле кыргыз тарап биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.