Президент Садыр Жапаров «Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлады.

Бул Жарлыкта жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейин болгон ишкерлик субъекттерди салыктан бошотуу каралган. Мындан тышкары, толук кандуу аналитикалык платформаны ишке киргизүү максатында төмөнкү талаптар болот:

— ККМ-онлайнды милдеттүү колдонуу;

— электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонуу;

— киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө;

— жер салыгын, мүлк салыгын төлөө (бар болсо);

— импорттук-экспорттук операциянын жок болушу.

Ошентип, ишкердик субъекттерин колдоо, кабыл алынуучу чечимдердин салыктык жана бажылык укук мамилелери бөлүгүндө оперативдүүлүгүн жогорулатуу, ак ниет салык төлөөчүлөр жана ишкер чөйрөсү үчүн жагымдуу салыктык жана бажылык климатты түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

  1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунушталсын:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кошпогондо (тарифтердин колдонуудагы ставкаларын сактоо менен), реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү функциясы бар контролдоо-кассалык машиналарды жана электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын милдеттүү колдонуу шартында салык салуунун патенттик системасын оптималдаштыруу аркылуу жылдык жүгүртүүсү 8,0 млн сомго чейин товарларды жеткирүүнү, калкка жумуштарды жана кызматтарды көрсөтүүнү жүргүзгөн субъекттерди бардык салыктарды төлөөдөн бошотууну караган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун киргизүү;

2) Салык төлөөчүнүн бирдиктүү карточкасын жана кошумча нарк салыгын жана акциз салыгын төлөөнү контролдоонун аналитикалык системасын түзүү, салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сервистик моделин ишке киргизүүнү камсыз кылуу, негизги бизнес-процесстерди санариптештирүү аркылуу салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү жана салык органдарынын кызматкерлеринин салык төлөөчүлөр менен байланышын минималдаштыруу;

3) маркаланган алкоголь жана тамеки продукциясына байкоо механизмин киргизүү;

4) маркаланууга жана байкалууга тийиш болгон товарлардын, анын ичинде дары-дармек каражаттарынын тизмесин толуктоо;

5) 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык Бажы кызматын өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгуу жана 2021-жылдын аягына чейин бекитүү;

6) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдун түрлөрүн жүргүзүүдө «бирдиктүү терезе» принцибин колдонуу;

7) Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасынын кыргыз участогунда автомобилдик өткөрүү пункттарында товарларды жана транспорт каражаттарын текшерүүнү жүргүзүүдө «бирдиктүү терезе» принциби боюнча бирдиктүү мамлекеттик органдын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган деп бажы иштери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлектетик органды аныктоо;

8) Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасынын кыргыз участогундагы автомобилдик өткөрүү пункттарында жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жерлерде мамлекеттик контролдоочу органдардын бизнес-процесстерин маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу аркылуу оптималдаштыруу;

9) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына төмөнкү ыйгарым укуктарды берүү:

а) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык отчеттордун, эсептердин, декларациялардын, документтердин, кабарлоолордун, маалыматтардын, маалыматтык эсептердин, патенттердин, контракттардын, билдирмелердин, чечимдердин, корутундулардын, актылардын формаларын, аларды кагаз жүзүндөгү документ же электрондук документ түрүндө толтуруу, түзүү жана/же берүү тартибин бекитүү боюнча;

б) юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо боюнча;

10) мамлекеттик контролдоону (санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык, фитосанитардык, транспорттук) жүргүзүү боюнча координациялоочу органды аныктоо:

а) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жерлерде жайгашкан товарларды эсепке алуу пункттарында — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматын;

б) Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасынын кыргыз участогунда жайгашкан автомобилдик өткөрүү пункттарында — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын;

11) маалыматтар базасын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына берүү менен бажы кызматынын жана юридикалык жактарды жана жарандарды, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарды, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, ишкердик объекттерин каттоо боюнча мамлекеттик органдардын системаларын салык кызматынын системасы менен комплекстүү интеграциялоону жүргүзүү;

12) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кадрдык потенциалын оптималдаштыруу жана техникалык жактан жабдууну күчөтүү;

13) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте санариптик төлөм технологиялары чөйрөсүндөгү дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаны, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын реалдуу убакыт режиминде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына маалыматтарды берүүнү камсыз кылган контролдоо-кассалык машиналардын функциясы бар РОS-терминалдарды милдеттүү колдонууга өтүүсүн эске алуу менен накталай эмес төлөмдүн үлүшүн көбөйтүүнүн иштиктүү механизмдерин кабыл алуу.