Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

«Туулган күнүңүзгө карата чын жүрөктөн куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Сиздин аракетиңиздин жана новаторлук башкарууңуздун аркасында Кыргызстан бүгүнкү күндө мамлекеттик реформаларды жүргүзүүдө, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылууда, эл аралык аренада позициясын бекемдөөдө жакшы натыйжаларга жетишип жатат.

Көп кырдуу эки тараптуу байланыштарды түзүү Беларус менен Кыргызстандын узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына жооп берет жана биздин өлкөлөр менен элдердин ортосундагы достук, өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого салым кошот деп ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт жана кыргыз мамлекетин өнүктүрүү боюнча масштабдуу тапшырмалардын ийгиликтүү ишке ашуусун каалады.

Мындан тышкары өлкө башчысын Тажикстан Республикасынын президенти Имомали Рахмон жана  Иран Ислам Республикасынын президенти Сейед Ибрахим Раиси куттуктап,  ийгиликтерди, Кыргыз Республикасынын элине бакыт жана гүлдөп өнүгүүнү каалаган.