Кыргыз Республикасынын Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги (КАДИ) уникалдуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди улантууда.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жүргүзүлгөн иштердин алкагында 2021-жылдын 6-декабрында бут кийим чыгаруучу ишканага барышкан.

Долбоорду ишке ашыруу быйылкы жылы «Хейлонцзян» ЖЧКсы тарабынан жип өндүрүү жана курулуш кол каптарын өндүрүү боюнча мурда аяктаган долбоордон түшкөн кирешени кайра инвестициялоо менен башталды.

Белгилей кетсек, бул продукцияны өндүрүү өлкөдө аналогу жок, ишкана импортту алмаштыруучу жана экспортко багытталган (40%дан ашыгы Казакстандын рыногуна экспорттолот). Жылына 600 миң жуптан ашык өндүрүштүк кубаттуулугу  каралган.

Ишкана алдыдагы мезгилге өндүрүштүк линияны кеңейтүүнү жана спорттук бут кийимдерди чыгарууну пландаштырууда.

Маалымат үчүн: 2018-жылы мурда агенттик «Хэйлунцзян» компаниясынын жип өндүрүү жана курулуш кол каптарын чыгаруу боюнча инвестициялык долбоорду коштоп ишке ашырган, мында 2019-жылдын 28-августунда Кыргызстанда мындай типтеги биринчи ишкананын салтанаттуу ачылышы болгон. Республикадагы  жогорку сапаттагы жип жана курулуш мээлейлерин чыгаруучу фабриканын жалпы инвестициясы 2 миллион доллардан ашык.