Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлады.
«Сиз Кыргызстандын Президенти кызматына киришкен учурдан тартып кытай-кыргыз мамилелери өнүгүүнүн жагымдуу тенденциясын сактап, түрдүү тармактардагы эки тараптуу кызматташуубуз жаңы натыйжаларга жетишти. Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө, мамлекеттерибиздин ортосундагы саясий өз ара ишенимди тереңдетүү, «Бир алкак, бир жол» демилгесин биргелешип курууну алга жылдырууну тездетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого, ошондой эле эки өлкөнүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн кытай-кыргыз мамилелерин, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө жетишүүгө өзгөчө көңүл бурам», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.
Си Цзиньпин Садыр Жапаровго бекем ден соолук жана бардык иштеринде бакубатчылык каалады.