Эртең, 7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында жамгыр, кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -2… +3, күндүз 7… 12, Талас облусунда түнкүсүн -2… +3, күндүз 6…11 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2… -7, күндүз 2… 7, Нарын облусунда түнкүсүн -11… -16, күндүз 0…-5 градус суук болот.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -1… +4, күндүз 8… 13 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ал эми борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1… +1, күндүз 9… 11 градус болот.