Былтыр Кыргызстанда 5 миңден ашуун кишиге рак диагнозу коюлган. Алардын 90 пайызга жакыны 40 жаштан өткөн адамдар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Залалдуу шишикке кабылгандардын 54 пайызы аялдар болсо, калган 46 пайызы эркектер.

«Аялдар арасында өткөн жылы ракка кабылгандардын 47,4 пайызы 60 жаштан жогоркулар болсо, 40,2 пайызы 40 жаштан өткөндөр. 10 пайызы 20-39 жаштын ортосундагылар. Эркектер арасында бул көрсөткүч боюнча бир аз айырма бар. Мисалы, 57,4 пайызы пенсия курагына жакындап калгандар, 32 пайызы 40-59 жаштагылар. Ал эми 6,5 пайызы 20-39 жаштагы жигиттер», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Статистика комитети соңку беш жыл ичинде аялдар арасында ракка кабылгандардын саны көп экенин кошумчалады.