Кыргызстанда бир сутканын ичинде 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда 1, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Калинин айылында турак үйдүн аянты 36 чарчы метр болгон шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кызыл-Дыйкан айылында турак үйдүн аянты 12 чарчы метр болгон бөлмөсүнүн шыбы күйгөн.