2021-жылдын 6-декабрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин С.Наматбаев атындагы борбордук музейинде тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин гендердик саясат маселелери боюнча жооптуу кызматкери, милициянын полковниги Эльмира Исакованын жетекчилиги астында өтүп, ага ИИМдин Борбордук аппаратынын, Академиянын, Республикалык окуу борборунун кызматкерлери, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышты.

Катышуучуларга гендердик өзүн-өзү баалоонун жыйынтыгы боюнча Ички иштер министрлигинин баяндамасы окулду. Министрлик төмөнкүдөй багыттар боюнча иштерди өз алдынча баалоо жүргүзгөн биринчи укук коргоо органы болгону баса белгиленди.
— үй-бүлөлүк зомбулуктун, аялдарга жана балдарга карата жасалган зомбулуктун алдын алууну натыйжалуу ишке ашырууга кызматкерлердин даярдыгы;
— академияда жана ИИМдин Республикалык окуу борборунда окуу программаларынын буга ылайык келиши;
— аялдарды кызматка тартуу жана алардын кызматтык өсүүсүн колдоо боюнча иштерди жүргүзүү;
— зордук-зомбулуктан жапа чеккен аялдарга жана балдарга кызмат көрсөтүүнүн алдыңкы тажрыйбасын киргизүү;
— отчеттуулук жана ачыктык аркылуу милицияга болгон ишенимди жогорулатуу.
Талкуунун жүрүшүндө зордук-зомбулукту алдын алууда потенциалды жогорулатуу жана милициянын көчмө кабылдамасынын ишин координациялоо, зомбулукту алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ИИМдин окуу жайларында атайын окуу программасын киргизүү боюнча актуалдуу маселелер каралды. Ошондой эле бул багытта гендердик зомбулукка каршы атайын программаларды киргизүү, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү маселеси каралды.
Тегерек столдо мамлекеттик гендердик саясатты ишке ашырууда ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча Пландын долбоору жактырылды. Иш-чаранын катышуучулары БУУнун Өнүктүрүү программасына, «Теңдик нуру» программасына жана EuroPlus & Consulting компаниясына техникалык жана эксперттик жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

ИИМдин Басма сөз кызматы