edf

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланган шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча бир мандаттуу округдар боюнча Айбек Алтынбеков, Искендер Матраимов жана Улан Примов эң көп добуш алган.

Алсак, Айбек Алтынбеков Базар-Коргон шайлоо округунан 23 779 добуш, Искендер Матраимов Кара-Суу шайлоо округунан 22 134 добуш, Улан Примов Алай шайлоо округунан 21 928 добушка ээ болгон.

Бул сандагы добуштар партиялык тизме боюнча шайлоого катышкан талапкерлердикинен көп. Ошентип, “Ата Журт Кыргызстанда” Бакыт Төрөбаев 18 миң 309 добуш ,“Ынтымак” партиясынан блогер, журналист Эрулан Көкүлов – 18 миң 685 добуш, “Бүтүн Кыргызстандын” лидери Адахан Мадумаров 24 миң 267 добушка ээ болду.

Булак: Reporter.kg