«Пробацияны колдонууну жана тараптарды жараштыруу боюнча макулдашуулардын үч жылдык практикасын талдоо» тегерек столунда тараптардын жарашуу практикасы талкууланды.

«Бул институт 2019-жылдын 1-январында ишке киргизилген. Андан бери үч жыл өттү – дейт, “Стратегиялык чечимдер” КФнын аткаруучу директору Гүлмира Маматкеримова. — Бул институт биздин практикада кандайча ишке ашырылып жатканын изилдөөгө, андан кандай жыйынтыктар бар экенин жана коом андан эмне алаарын түшүнүү үчүн жакшы эле мөөнөт.» 2019-жылы реформаны ишке ашыруунун биринчи этабында Кыргызстанда кылмыш сот адилеттиги чөйрөсүнө биринчи жолу киргизилген процесстик макулдашуулар институту боюнча көптөгөн түшүнбөстүктөр жана сындар болгон. Ошондуктан, бүгүнкү күндө биздин практикада пайда болгон кыйынчылыктардын чыныгы себептерин түшүнүү үчүн, башка өлкөлөрдө ийгиликтүү ишке ашып жана аларда ийгиликтүү укуктук системаларды түзүп жаткан прогрессивдүү укуктук институттарды биз эмне үчүн киргизе албай жатканыбызды түшүнүү үчүн бул институттун укук колдонуу практикасын изилдөө маанилүү болуп саналат.

Иш-чара «Стратегиялык чечимдер» коомдук фонду тарабынан “Сорос-Кыргызстан” фонду каржылаган «Кыргыз Республикасындагы соттук-укуктук реформанын жетишкендиктерин сактоо аркылуу адам укуктарын коргоо» долбоорунун колдоосу алдында уюштурулду.

Иш-чарага Башкы прокуратуранын, Юстиция министрлигинин, Акыйкатчы аппаратынын, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун укук колдонуучулары, жактоочулар, медиаторлор жана кылмыш юстициясы тармагынын адистери, б.а. талкуулоонун предметин жакшы билгендер, иш жүзүндө жарашуу жөнүндөгү келишимдер менен иштешкендер жана өздөрүнүн компетенттүү пикирин билдире алгандар катышты.

«Сорос-Кыргызстан» фондунун укуктук программасынын директору Нуриана Картанбаева белгилегендей, мамлекеттик саясатты калыптандырууда мониторингдик жана эксперттик изилдөөлөргө таянуу маанилүү, анткени алар коомчулукка ведомстволук баалоо жана артыкчылыктардан эркин, тигил же бул тармактардагы реформаларга көз карандысыз көз карашка ээ болууга жардам берет: «Реформанын бардык процессинде мониторинг жана баалоо маанилүү. Алар кызыкдар тараптарга өзгөрүүлөр адамдардын жашоосуна кандай таасир тийгизип жаткандыгы жөнүндө так маалымат алууга жардам берет. Ошондуктан, ар бир институт кандай колдонулуп жатканын баалоо жана талдоонун негизинде анын жашоого жөндөмдүүлүгү жөнүндө тыянак чыгаруу керек”. «Кылмыш-жаза мыйзамдарын реформалоо, — деп кошумчалады ал, — Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан эң татаал реформа, анткени ал адам укуктарынын олуттуу бөлүгүнө таасир этет. 2017-жылы башталган реформа кылмыш жана кылмыш-процесстик мыйзамдардын өнүгүшүнө күчтүү түрткү берди, ал көптөгөн прогрессивдүү жаңылыктарды, анын ичинде тараптардын жарашуу институтун ишке киргизди, бул сот процесстерин тездетүүгө мүмкүндүк берет, ал көп учурда жылдарга созулуп келген тараптардын кызыкчылыктарын тезирээк макулдашууга жана зыяндын ордун толтурууга мүмкүндүк берет, бул жарандар үчүн маанилүү болуп саналат».

Фонддун эксперти, юридика илимдеринин кандидаты Аслан Кулбаев тараптарды жараштыруу келишимин түзүүдө Кылмыш кодексинин, Кылмыш-процесстик кодексинин жана Бузуулар кодексинин ченемдерин колдонуу боюнча талдоону сунуш кылды.

Жарашууну талдоо аларды практикада колдонуунун көбөйгөнүн көрсөтүп турат. Анын айтымында, эгерде 2019-жылы сотко чейинки өндүрүш стадиясында 2,7 миңге жакын кылмыш жана 3,0 миңге жакын жоруктар жарашуу менен аяктаган болсо, 2020-жылы булар 3,0 жана 4,5 миңге жеткен. Ал эми 2021-жылдын биринчи жарымында — 2,0 миң кылмыш жана 2,9 миң жорук жарашуу менен аяктаган. Сот отурумунун стадиясында тараптардын жарашуусу 2019-жылы 1,9 миңге жакын кылмышты жана 1,6 миңдей жорукту, 2020-жылы  2,0 миң жана 2,6 миңди, ал эми 2021-жылдын алты айында 1,2 миң кылмышты жана 1,4 миң жорукту түзгөн.

Жалпысынан талдоо көрсөткөндөй, 2019-жылы катталган 41,6 миң кылмыштын ичинен 10% жарашуу менен аяктаган, 2020-жылы катталган 31,2 миң кылмыштын ичинен 16% жарашуу менен аяктаган, 23,5 миң кылмыштын ичинен 16% жарашуу менен аяктаган. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында — кылмыштардын 13,6%ы боюнча жарашуу менен аяктаган. Жогорудагы статистикалык маалыматтардан көрүнүп тургандай, жарашуу келишими түзүлгөн кылмыштардын пайызы жылдан жылга өсүүдө.

«Стратегиялык чечимдер» коомдук фондунун эксперти Ирина Летова тараптардын жарашуу институту укук коргоо органдарынын иш чөйрөсүндөгү эң маанилүү жана кеңири таралган институттардын бири экенин белгиледи. Бул кылмыш-укуктук чыр-чатакты чечүүнүн жолдорунун бири. 2017-жылдагы Кылмыш кодексинде жана 2021-жылдагы Кылмыш кодексинде адам жабырлануучу менен жарашууга байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен бошотула турган ченем каралган. 2021-жылдын Кылмыш кодексинде тараптардын элдешүүсү мүмкүн болгон негиздер кеңейтилди жана жеңил кылмыштар үчүн (мурдагыдай), бардык анча оор эмес кылмыштар боюнча (мурда 20га жакын гана кылмыш курамы болгон) жана эки оор кылмыш боюнча – бул зордуктоо (ККнын 154-беренесинин 1-бөлүгү) жана сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери (ККнын 155-беренесинин 1-бөлүгү) боюнча мүмкүн болду.

Ошол эле учурда кодексте айрым чектөөлөр бар, ага ылайык тараптардын жарашуусуна жол берилбейт. Мындай чектөөлөргө жасалган кылмыш коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына тиешелүү учурлар, уюшкан кылмыштуу топтун курамында кылмыш жасаган учурлар ж.б кирет.

2019-жылдагы кодекстерге салыштырмалуу, жарашуу мүмкүн болгон курамдардын олуттуу кеңейиши байкалды. Мындай абалды кубаттоого гана болот, анткени жарашуу институтун колдонуу келечектеги кылмыштуулуктун алдын алуу катары каралышы мүмкүн. Ал эми 2021-жылдын Кылмыш кодексинде анча оор эмес кылмыштарга байланыштуу укук бузууларды талдоо мындай кеңейтүү дайыма эле өзүн актай бербестигин көрсөтүп турат. Мисалы, кылмыштын курамы: жаңы төрөлгөн баланын энеси тарабынан өлтүрүлүшү (КК 125-берене); баланы порно бизнеске тартуу (КК 162-беренесинин 1-бөлүгү); адам сатуу (эксплуатациялоо максатында макулдук менен же макулдугусуз, күч же мажбурлоонун башка түрлөрүн шантаж, уурдоо, алдамчылыкты колдонбостон ишке ашырылган тартуу, ташуу, катып коюу, баланы кабыл алуу же өткөрүп берүү (КК 166-беренесинин 4-бөлүгү) жана башка бир катар кылмыштар дуушар болууда.

Тегерек столдо ошондой эле 2021-жылдын Кылмыш-процесстик кодексиндеги тараптардын жарашуусуна байланыштуу айрым туура келбеген жагдайлар, тактап айтканда, кайсы процессуалдык тараптардын ортосунда: шектүү менен жабырлануучунун же айыпталуучунун жана жабырлануучунун же күбөнүн жарашуусу жөнүндө келишим түзүүгө боло тургандыгы тууралуу сөз болду. 2021-жылдын Кылмыш-процесстик кодексинде бул маселе боюнча кээ бир укуктук так эместиктер бар.

Тегерек столдун жыйынтыгында мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында Кылмыш кодексинин, Кылмыш-процесстик кодексинин ченемдерин жакшыртуу, айрым мыйзамдарды кодекстерге ылайык келтирүү боюнча айрым сунуштар берилди.