Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы боюнча маселени кайрадан көтөрүп жатышат. Депутат Акылбек Кемелов Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында аткаминерлерди жоопко тартуу керектигин айтты.

«Бензин 42 сом, дизель майы 30 сомдон сатылып жатканда сиз бааны 50 сомго жеткирбейм деп айткансыз. Сиз ошондо кепилдик берип, убада бердиңиз. Бирок азыр бензин 60 сомдон болууда. Бул убадаңыз үчүн жооп бересизби?» – деп Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаковго кайрылды.

Аткаминер кеп күйүүчү майдын баасынын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө тууралуу болуп жатканын түшүндүрдү.

«Бүгүнкү күндө Орусияда бензиндин дүң баасы 130 пайызга, дизель майы 85 пайызга кымбаттады. Тышкы факторлордон улам өлкөнүн ичиндеги чыгым кымбаттап жатат», — деди ал.