Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча бардык 2 миң 494 шайлоо участогунан добуштарды кол менен эсептөө протоколдорунун маалыматтарын киргизүү аяктагандыгын билдирет.

Кол менен эсептөөнүн маалыматтары боюнча 2021-жылдын 28-ноябрындагы добуш берүүгө 3 млн 703 миң 420 шайлоочудан 1 млн 293 миң 947 шайлоочу, же 34,94% катышты. Катышуу саны AЭУ менен да, кол менен эсептөөдө да бирдей.

Кол менен эсептөөнүн маалыматына ылайык, жараксыз бюллетендердин саны 3 миң 926 бюллетенге азайган.

Маалымат үчүн: АЭУ тарабынан жараксыз деп табылган бюллетендер кол менен эсептелген учурда эгерде аларда жарандардын эркин билдирүүсү так көрсөтүлсө, комиссия тарабынан жарактуу деп табылышы мүмкүн.

Демек, ошого жараша кол менен эсептөөдө тигил же бул саясий партияга берилген добуштардын саны 3926 добушка көбөйгөн.

Бул протоколдорду Маалыматтык шайлоо системасына киргизүү, текшерүү жана МШСтин веб-сайтында жарыялоо төмөндө белгиленген мөөнөттө аяктады:

  • бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча – 2021-жылдын 2-декабрында,
  • бирдиктүү шайлоо округдары боюнча – 2021-жылдын 7-декабрында.

Ошону менен бирге айрым участоктор боюнча, анын ичинде келип түшкөн даттануулар боюнча кол менен эсептөө протоколдорунун маалыматтарын киргизүүнүн тууралыгын текшерүү улантылууда.

Добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо процесси мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүп жатат.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча округдук шайлоо комиссиялары шайлоо округдарынын аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын шайлоо участкаларынан алынган кол менен эсептөө протоколдорунун маалыматтарынын негизинде чыгарышат. Комиссия жыйынды таблицаны жана протоколду түзөт, ага шайлоо участкаларынын саны, келип түшкөн протоколдордун саны жөнүндө маалыматтар киргизилет, анын негизинде округ боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол, ошондой эле талапкерлердин алган добуштары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун жалпыланган маалыматтары түзүлөт.

Округда жыйынтык чыгаруу алкагында комиссия жыйынтыктоочу жыйын өткөрүп, анда добуш берүүгө, добуштарды эсептөөгө жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорду түзүүсүнө байланыштуу келип түшкөн даттануулар (арыздар) каралат.

Бүгүнкү күндө 24 округдук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө чечим кабыл алды.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча да комиссиялар округдун аймагындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын участкалар боюнча жыйынды маалыматтардын негизинде чыгарышат, андан кийин бардык округдардын аймактары боюнча добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгынын негизинде, Борбордук Шайлоо комиссиясы республика боюнча жыйынтыктардын жыйынды таблицасын түзөт.

Республика боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайлоонун натыйжаларын аныктайт.