Социалдык тармактарда “Манас” эл аралык аэропорту түрк инвесторлоруна толугу менен сатылып кеткени тууралуу маалымат чыга баштады.

Белгиленгендей, бул маалымат Экономика жана соода министрлиги Эл аралык каржы корпорациясы (IFC) «Манас» аэропортун тышкы башкарууга өткөрүү боюнча долбоордун консультанты болуп бекитилгендигин билдиргенден кийин пайда болду.

IFC Дүйнөлүк банк тобунун мүчөсү болуп саналат. Бул өнүгүп келе жаткан рыноктордо жеке секторго багытталган эң ири глобалдык өнүктүрүү институту. IFC дүйнө жүзү боюнча 100дөн ашуун өлкөдө иш алып барат, анын капиталын, тажрыйбасын жана таасирин өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө рынокторду жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн колдонот.

Аэропорттун МЖӨ долбоору 1-декабрда аэропорттун акционерлеринин кезексиз жыйынында сунушталды. Презентациянын жыйынтыгында министрлик менен МФК финансылык жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө макулдашууну кабыл алышты.

«МФКнын алдына коюлган милдеттердин алкагында «Манас» аэропортунун МЖӨ долбооруна көп тараптуу эксперттик баа берүү жана структуралаштыруу жүргүзүлөт. Ошондой эле (техникалык, укуктук, табигый жана социалдык) изилдөөлөр, финансылык талдоо, болжолдоо жана инфраструктура диагностикасы жүргүзүлөт. МАМ аэропортторунда ишке ашырылат.» , — деп билдирди ведомстводон.

IFC эмне үчүн керек?

 

Аткарылган иштер Кыргыз Республикасы үчүн экономикалык жактан пайдалуу шарттарда ачык сынактын жана аймактык аэропортторду өнүктүрүү боюнча сунуштардын негизинде «Манас» аэропортуна квалификациялуу эл аралык инвесторду/өнөктөштү тартууга көмөктөшөт.