Билим берүү жана илим министрлиги «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды.

Анда «Улуттук» деген статусу бар мамлекеттик жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) жетекчилерин (ректор) кызматка дайындоо жана бошотуу укугу Кыргызстандын президентине берилери жазылган. Мындан сырткары, мамлекеттик ЖОЖдордун ректорлору билим берүү жана илим жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кызматка дайындалып, бошотулары жазылган.

Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан мыйзам боюнча ректорлор мамлекеттик ЖОЖдун жамаатынын жалпы жыйынында илимий даражасы жана наамы, ошондой эле тиешелүү квалификациясы бар адистердин ичинен жашыруун добуш берүүнүн негизинде көпчүлүк добуш менен шайланат. Университеттин жетекчиси кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү анын окуу жана башка түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан же өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жүргүзүлөт.

Андан соң шайланган талапкерди билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси кызмат ордуна бекитет. Ал эми «Улуттук» статусу бар ЖОЖдун ректорун шайлоонун жыйынтыгына карап премьер-министр дайындайт.

Министрлик демилгелеген мыйзам долбоорунда ректорду шайлоо нормасы алып салынып, расмий бийлик тарабынан түздөн-түз дайындоо сунушталууда.