Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Аталган Жарлык жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатып, жабыркагандардын санын, жол-транспорт кырсыктарынын кесепеттеринин оордугун жана алардын кесепеттерин азайтат.

Документке ылайык, жол кыймылынын коопсуздугу Кыргыз Республикасынын маанилүү социалдык-экономикалык жана демографиялык маселелеринин бири болуп саналат. Жол кыймылын натыйжалуу уюштуруу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу – жарандардын бакубаттыгынын, алардын ыңгайлуу жана коопсуз жашоосунун милдеттүү шарты. Автомобиль транспортунда аварияга учуроо жалпысынан коомго, ошондой эле айрым жарандарга олуттуу материалдык жана моралдык зыян келтирет. Жол-транспорттук жаракат алуу эмгекке жарамдуу курактагы адамдардын өндүрүш чөйрөсүнөн чыгып калуусуна алып келип, бул социалдык бюджетке күч келтирет. Балдар өлүмгө учурап, майып болуп калууда.

Акыркы жылдары Кыргызстанда оор кесепеттерге алып келген жол-транспорт кырсыгынын (мындан ары – ЖТК) өсүү тенденциясы байкалууда. Бул тенденцияга бир катар факторлор, анын ичинде автотранспорт каражаттарынын санынын көбөйүшү, Жол кыймылынын эрежелерин сактабоо, ошондой эле айдоочулардын аларды төмөн деңгээлде билүүсү таасир этет. Талдоо көрсөткөндөй, көрүлүп жаткан чараларга карабастан, жолдогу аварияга учуроолорду жана өлүмдү туруктуу төмөндөтүүгө жетишүүгө мүмкүн болбой жатат. Алсак, 2010-жылдан тартып республиканын аймагында 73 851 ЖТК катталган, анда 11 144 адам каза болгон, ал эми 109 567 адам ар түрдүү жаракат алган. Ошону менен бирге балдардын катышуусундагы мындай кырсыктардын саны өсүүдө. ЖТКнын жалпы санынын ичинен балдардын катышуусу менен болгону 16 312 учурду же 22,1%ды түзөт, анда 18 483 бала жаракат алган жана 1 306 бала каза болгон. Айдоочулардын күнөөсү боюнча 61 694 ЖТК болгон, анда 10 020 адам каза болгон, ал эми 96 939 адам ар түрдүү жаракат алган. Жаракат алгандардын да, ошондой эле каза болгондордун да арасында жол кыймылынын эң эле аялуу катышуучулары жөө адамдар жана жүргүнчүлөр болуп саналат (болжол менен 30 %ы айдоочулар, 70 %ы жүргүнчүлөр жана жөө адамдар). Жол-транспорт кырсыктарынын кесепетинен каза болгондордун статистикасы көнүмүш көрүнүшкө айланды жана ал калк тарабынан кадыресе нерседей кабылданып калды.

Эксперттер өлкөдөгү жол-транспорт кырсыктары менен болгон кырдаалды абдан олуттуу деп бир добуштан сыпатташууда. Демек мамлекеттик органдар жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өзгөчө чараларды көрүшү зарыл. Мамлекеттик органдардын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы башкы милдеттери болуп жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн сактоо, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу, алардын оор кесепеттерин азайтуу жолу менен коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу саналат.

Жол кыймылын натыйжалуу уюштуруу, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу максатында, ошондой эле БУУнун Башкы Ассамблеясынын 74/229 “2021-2030-жылдарга жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттердин он жылдыгы” резолюциясында жарыяланган Глобалдык планды көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат: 1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү жооптуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

– транспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин, атайын технологиялык машиналарды, айдоочулар курамын каттоо, транспорт каражаттарын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине өткөрүп берсин;

– жарандарды транспорт каражаттарын башкаруунун теориялык жана практикалык көндүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерине окутуу процессин жакшыртуу максатында автомектептердин ишин лицензиялоо функциясын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берсин;

– жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти тартипке келтирүү максатында: Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине лицензиялоо функциясын өткөрүп берүү менен жеңил автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну лицензиялоону киргизсин; жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына өткөрүп берсин; – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын штаттык санын көбөйтүү маселесин кошумча финансы каражаттарын бөлүү, аталган башкармалыктын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу менен чечсин;

– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Унаа” мамлекеттик мекемесин тиешелүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен өткөрүп берсин;

– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин карамагына Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо департаментинен жүргүнчүлөрдү ташууну көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча иш жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөрдү тиешелүү штаты, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен өткөрүп берсин;

– ушул Жарлыктан келип чыгуучу мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген тартипте киргизсин; – ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруу, финансылык жана башка чараларды көрсүн.