Бүгүн, 8-декабрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында УКМКнын жана Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 1976-жылы туулган Чолпон-Ата шаардык электр тармактарынын башчысы “И.А.Ж.” жашаган жеринде криптовалютаны өндүрүү үчүн майнинг-ферма уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында жана Ысык-Көл райондук сотунун 2021-жылдын 7-декабрындагы «Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тинтүү жүргүзүү жөнүндө» токтомунун негизинде иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө аталган башчы “И.А.Дж.” жашаган жери Чолпон-Ата шаары, Ж.Акималиев көчөсү, №1 дареги боюнча көрсөтүлгөн майнинг-ферма электр эсептегичти айланып туташтырылгандыктан, электр энергиясын бир топ көлөмдө уурдоо фактысы аныкталды.

Белгилей кетсек, И.А.Ж. узак убакыт бою Чолпон-Ата РЭТте ар кандай кызматтарда иштеп, 2021-жылдын 8-декабрынан тарта аталган уюмдун башчысы болуп дайындалган. Ал энергетика тармагында иштеп жатып, суунун аздыгынан улам республикада энергетикалык каатчылык болуп жатканына карабастан, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, электр энергиясын уурдап, муну менен Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугуна зыян келтирген.

Азыркы учурда бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдарын тергөөнүн алкагында, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоону камтыган зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.