Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин көрсөтмөсүнө ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-декабрынан баштап, Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги, аймактын тургундары менен жолугушууларды өткөрүшүүдө. Аталган жолугушууларда, милициянын аткарган ишмердүүлүгү боюнча отчеттор берилип, андан сырткары орун алган көйгөйлөрдү эффективдүү чечилиши боюнча коомчулуктун талкуусуна маселелер коюлуда. Ушундай жолугушуунун алкагында, областтык милициянын башчысы Канат Джумагазиев, Жети-Өгүз районунун тургундары менен кезикти. 

Укук тартип маселелерин жана милициянын ишмердүүлүгүн талкулоо үчүн райондун тургундары жолугушууга келишип, ички иштер органынын жетекчилеринен, жеке эле аймакта эмес, облус боюнча орун алган криминогендик абал, кеңири кулач алып жаткан кылмыштардын түрлөрү жөнүндө мазмундуу маалыматтарды алышты.

Областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы район тургундарына, бүгүнкү күндө укук коргоо органдарында өткөрүлүп жаткан реформалар, 1-декабрдын баштап күчүнө кирген жаңы кодекстер, элге сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө милициянын көчмө кабылдамаларынын ролу маалымат берип кетти. Ошондой эле, коомчулуктун көңүлүн, райондо орун алып жаткан мал уурулук, бирөөнүн мүлкүн уурдоо фактыларына жана жол кырсыктарынын оор кесепетине да буруп кетти. Жолугушууда, жаш өспүрүмдөр арасындагы өз өмүрлөрүнө кол салуу жана мектеп рэкети боюнча көйгөйлөр да өзгөчө талкууга алынды.

Жолугушууга катышкан жарандар түздөн-түз областтык милициянын жетекчисине суроо берүүгө жана аларга мазмундуу жоопторду алууга толук мүмкүнчүлүк алышты. «Мындай жолугушуулар, мага да жана район тургундарына да өтө керек. Бүгүн менин дарегиме берилген суроолорго караганда, элибиз кайдыгерликтен алыс болуп, жеке эле, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга эмес, райондун абалын жогору көтөрүүгө өздөрүнүн салымын кошууга даяр экендиги, бизди өзгөчө кубандырат», — деп белгилеп кетти Канат Джумагазиев.

Областтык милициянын жетекчилигинин көз карашы боюнча, мындай жолугушуулар эл менен милициянын ортосундагы байланышты бекемдеп, өзгөчө курч болгон көйгөйлөрдүн чыңалуусун чечүүгө жардам берет. Райондун тургундарынан түшкөн бардык сунуштар каралып, алар боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынат.

Мындай форматтагы жолугуушулар, Ысык-Көл облусунун башка шаар жана райондорунда да өтмөкчү.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы