Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев OSTIM аттуу уюштурулган өнөр-жай аймагынын OSTIM ENERJIK аттуу кластерине бириккен энергиянын кайра жаралуучу булактары жана экологиялык технологиялар тармагындагы компаниялар тобунун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Түркиядагы кыргыз элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар OSTIM ENERJIKтин 11 компаниясынын өкүлдөрүнөн турган делегациянын Кыргызстанга боло турган иш сапарын жана анын алкагында көздөлгөн Кыргызстандык ишкерлер менен B2B жолугушууларын талкуулашты.

Элчи Өмүралиев түрк тарабына энергетика тармагы жана Кыргызстанда бизнес жүргүзүү үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.

Элчи өлкөбүздүн гидроэнергетикадагы потенциалы чоң экенин белгилеп, чакан ГЭСтерден электр энергиясын сатып алууга мамлекет 10 жылдык кепилдик берерин белгиледи. Ошондой эле Өмүралиев ЕАЭБ жана Жалпы преференциялар системасы + (ЖПС+) программасынын алкагында Европа Биримдигинин базарларына өндүрүлгөн продукцияны бажы төлөмдөрсүз экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү, биздин өлкөдө региондун башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу салыктардын төмөндүгү жана бизнес жүргүзүү үчүн либералдык мыйзамдар бар экендиги тууралуу маалымат берди.