Бүгүн, 9-декабрда Жер-Ынтымагы конушунун тургундарына жер тилкелери боюнча документтер тапшырылууда. Техникалык паспортторду калаа башчысы Айбек Жунушалиев өзү тапшырып жатат.

Иш-чаранын алкагында 10 конуш тургунуна техникалык паспорттор тапшырылды.

«Бүгүн 10 тургунга документтерди берсек, муну 100гө, андан соң 1000ге чейин көбөйтүү керек. Көйгөйдү кагазга эле жазып койбой аны чуркап аткаруу зарыл деп айтам. Аталган көйгөйдү коомдук талкууга коюп, бир жуманын ичинде чечтик. Демек, иштесе болот», — деди шаар мэри.

Эске салсак, буга чейин, 18-ноябрда президент Садыр Жапаров президенттик администрациянын имаратынын алдына чогулган Жер-Ынтымагы конушунун тургундары менен жолуккан. Анда тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү айтышып, президенттен чечип берүүнү суранышкан.