Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов аткаруу бийлигине жардам бергиси келет. Бирок алар телефон чалууга жооп беришпейт, кээде кабыл алышпайт.

Депутат бул тууралуу паралменттин 9-декабрдагы жыйынында айтты.

«Азыр баарыбыз өзүбүздүн айылдын, шаардын көйгөйлөрүн айтып жатабыз. Бирок казынада акча жок болсо, аны эч ким чече албайт. Ошондуктан келгиле, аткаруу бийлигине биз да жардам берели. Көйгөйлөрдү чечүүнүн, казынаны толтуруунун жолун сунуштайлы. Өлкө экономикасын көтөрүүдө баарыбыз жапа тырмак иштейли. Менде көптөгөн сунуштар бар, бирок аткаруу бийлиги телефондорун алышпайт, же болбосо, кээде кабыл алышпайт. Казынабызды толтурганга биз да салып кошобуз деген үмүттөбүз» , — деди депутат.

9-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүүдө. Анда күн тартибиндеги «ар кандай маселелер саатында» эл өкүлдөрү социалдык-экономикалык көйгөйлөр тууралуу айтышууда.