Бишкектеги жаңы конуштарда  7227  документи жок үй бар. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев «Жер-Ынтымагы» жаңы конушунда өткөн  жыйында билдирди.

Анын айтымында, биринчи этапта муниципалитет бул маселени чечүүнүн ар кандай жолдорун издеген. Жыйынтыгында шаар бийлиги каттоо күбөлүктөрүн берүүнү баштоону чечти.

«Техникалык паспорт эмнени берет? Бул жөн эле кагаз эмес. Эртең эл каттоодон өтүп, социалдык кызматтарды жана башка маанилүү документтерди ала алышат. Экинчи этапта “Легалдаштыруу жөнүндө” мыйзам долбоору бар, ал Жогорку Кеңешке жөнөтүлүп, күзүндө коомдук талкуулар аяктаган. Бул мыйзамдын жардамы менен кызыл китептерди чыгаруу башталат”,- деди мэр.

Белгилей кетсек, буга чейин Айбек Жунушалиев «Жер-Ынтымагы» турак жай массивинин он үйдүн жашоочуларына техникалык паспорт тапшырган. Ал эми келечекте кызыл китептерди алаарын убада кылды.

Мындан тышкары, мэр “Жер-Ынтымагы” конушунун турак жай курулушу Түштүк-батыш көрүстөнүнүн жанында санитардык зонага жакын жайгашканын эске салды. Бирок, санитардык нормаларга ылайык, 500 метрге жакын жерге үй салууга тыюу салынган.

“Бул маселени иликтеп, чечим кабыл алуу үчүн курамына “Бишкекглавархитектура” мамлекеттик мекемесинин, Санитардык-экологиялык инспекциянын, Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, “Кадастр” МИнин Бишкек шаарындагы филиалынын, Капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын, Бишкек Сөөк коюу агенттигинин өкүлдөрү кирген жумушчу топ түзүү тапшырылды. Анын жыйынтыгы менен тиешелүү чечим кабыл алынат”, — деди Жунушалиев.