Бүгүн, 9-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту депутат Төрөбай Зулпукаровду камактан бошотту.

Судья Нурдин Ибраимов УКМКнын тергөө тобунун өтүнүчүн канааттандырып, баш коргоо чарасын жокко чыгарды.

Белгилүү болгондой, саясатчы «Кумтөр» иши боюнча кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Кийинчерээк Башкы прокуратура Асылбек Жээнбековду жана Төрөбай Зулпукаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун киргизген. ЖК парламент депутаттарын кол тийбестиктен ажыратуудан баш тарткан.