Баарыбызга маалым болгондой үстүбүздөгү жылдын 25-26-октябрь күндөрү Кыргызстан жаштарынын Республикалык Конгресси болуп уюштурулган.

 Конгресстин жетектөөчү кеңешинин чечими менен Шайкидинов Аскар Токторбекович төрага болуп шайланды, ал эми жети областын жана Бишкек, Ош шаарларынын делегат башчылары орун басарлары болуп дайындалды.

1) Абдипатта уулу Жумабек (Баткен обл.)

2) Мурзакулова Нурмира Мурзакуловна (Ош обл.)

3) Урматаалиев Чынгыз Урматаалиевич (Жалал-Абад обл.)

4) Омурзаков Хан-Темир Нурбекович (Талас обл.)

5) Кожомкулов Бектур Азисович  (Чуй обл.)

6) Бозгунчиев Жыргалбек Бозгунчиевич (Ысык-Көл обл.)

7) Кабылбек уулу Жылдызбек (Нарын обл.)

8) Икрам кызы Уулча (Ош ш.)

9) Бекназаров Жакшылык Бекназарович (Бишкек ш.)

Конгресстин максаты мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана ишке ашырууга жаш жарандарды катыштыруу, жаштар саясаты чөйрөсүндөгү чечимдерди кабыл алуу үчүн жаштар жана жаштар уюмдарынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу болуп саналат.