“Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат” аттуу макалалар, маектешүүлөр жана публицистикалык эмгектеринен топтолгон асыл ойлордон…

* * *

Ар бир адамдын өз мекени бар. “Мекен” деген сөз кыргызда – ата-бабанын жери, туулуп-өскөн жер дегенди билдирет. Ал, албетте, гүлбакча эмес. Абдан сагындырып, бир көрүүгө куштарланткан Талас жергемди ак-карасы аралаш жаткан өз келбетинде көз алдыма элестетүүгө аракеттенем. Эгер мен аалам койнун аралаган космикалык саякатта жүрүп, жер жөнүндө ойлончу болсом, сөзсүз аны өз айылым Шекердин образы аркылуу элестетээрим бышык. Анткени, менин башатым – ушул Шекер. Ушул жерде аталарым жана бабаларым жашаган. Ушул жерде мен жарык дүйнөгө келип, турмуш тааныгам, өз тагдырымды тапкам. Ата журт деп аталган туулуп өскөн жердин тирлик тартиби, салт-санаасы, ыр, жомогу, жаратылышы, абасы – бүткүл турпаты адамдын адам катары калыптанышында жана өз тагдырына ээ болуусунда зор таасири бар экендигине бекем ишенемин.

* * *

Биздин айылдын абышкалары ар бир баладан: “Кана, жети атаңды айт!” деп катуу талап менен сурашаар эле. Элдин акыл-эс мурасы да, муундардын байланышы да мына ушуга негизделген. Бул жөнүндө мен “Ак кеме” повестимде бала менен машина айдаган казак жигит экөөнүн аңгемелешүүсүндө айтууга аракеттенгем. Турмушта жети атасын билбей эле жашап жүргөн адамдар бар экенине бала аябай таң калат:

— Жети атаңдын аттарын үйрөткөн жок беле акең? — деди бала.

— Ит билеби. Ага не таңсык болдың? Жети атамы билбейм, бирак, көрүп турасың гой, көп катары жашап жүрмин.

— Атам айтат, адамдар ата тегин унутуп койсо, бузулуп кетет дейт.

— Не үшин?

— Анда дейт, атам айтат, баары бир балдарым, балдарымын балдары билбей калат деп, адамдар арам иштен жийиркенбей, тартынбай калат дейт. Баары бир балдарым, балдарымдын балдары билбей калат деп, адамдар жакшылык кылбай калат дейт…

* * *

Мен шекерликмин, ошон үчүн бул жакшы кааданы алигиче урматтаймын. Менин атам Төрөкул, Төрөкулдун атасы Айтмат, Айтматтын атасы Кимбилди, Кимбилдинин атасы Кончу жок… ушинтип отуруп биздин тукумдун башы – Шекердин өзүнө чейин санай берүүгө болот. Атамдын жана чоң аталарымдын туугандары – Рыскулбек, Керимбек, Өзүбек, Суванбек, Доолбек, Алымкул, Иманкул, Биримкул — булар да менин бабаларымдын катарына кирет. Мындай карасаң бул жөн гана адам ысымдары. А мен үчүн мунун мааниси чоң. Эл оозунда айтылган сөздөрдөн улам мен алардын ар биринин ысымдарын тереңимде ызаттайм жана сыймыктанамын. Бул өзүбүздөн мурда жашап өткөндөрдү эстөөгө жана алардын кадыр-баркын төмөндөтпөөгө бизди – кийинки муундарды милдеттендирет.

* * *

Адамзаттын агып турган тиричилиги дайыма болочокко багытталганы менен, өткөн тажрыйбасы – анын түпкү күлазыгы, таянган тоосу, келечек урпактарга энчиленген мурасы.

* * *

Жаштар – турмуштун өнүп келе жаткан жаңы күчү, адамзаттын жаңыланган мууну, коомдун ар түркүн милдеттерин жана негизги идеяларын улантып, өнүктүрүп, келечекке алып кетчү канат-бутагы.

* * *

Азыркы учурда кайсы гана адабият болбосун, ал өз өлкөсүнүн жана дүйнөсүнүн замандаш адабияттары менен үзөңгүлөш жүрүп, идея жана көркөмдүк жагынан өзүнө керектүү нерселерди сиңирип, өзүнө жат нерселер менен күрөшүп турбаса, ала адабият ыкчам өнүгө албайт.

* * *

Чыгарма жазганда сүйлөмдөрдү жайбаракат созуп, болор-болбос окуяны он чакты бетке мыжып, же болбосо шыпылдаган кур чечендикке салып отуруу эч кандай талапка жооп бербейт. Азыркы адамдын жүрөгүн, сезимин бийлейбиз десеңер, ага чоң-чоң философиялык ойлорго толгон, чыныгы поэзияга сугарылган, адамдардын копиясы эмес, тирүү, элестүү, ой-санаасы жакшылыкка умтулган образдары бар чыгармаларды берүүгө бел байлагыла.

* * *

Адабиятка киши эптеп-септеп жазармын деп келбейт. Сөзсүз жаңылык киргизем, мурункулардын традициясын улап, алардын жетишкендиктерине таянып, алардан бийигирээк чыгармачылык тепкичке жетем деп, чоң максатты көздөп келет. Демек, ар ким өз мүмкүнчүлүгүн кем санабай, бардык күчүн искусствонун чокуларына жетүү үчүн жумшоого милдеттүү. Болбосо, адабиятта убара болуунун зарылдыгы жок.

* * *

Ар бир жаш талант чоң художник болууну көздөбөсө, адабият өнүкпөйт.

* * *

Адабий тажрыйба деген өтүкчүнүн өнөрү эмес, бир калыпка салып алып ултара бергендей.

* * *

Адабиятты тааный билүү адамга дароо эле келе койбойт. Аны үчүн адам көп окуп, көп иштеп, дүйнөлүк искусстводон бир катар кабардар болуусу зарыл. Мындайча айтканда, жазуучу өзүнө адабий табит иштеп чыгуусу – башкы шарт. Табит дегенибиз – ал адамдын ички маданияты, ички сезими, ички түшүнүгү.

* * *

Талант – тубаса жөндөмдүүлүк, шыктуулук. Талант – адамдагы кандайдыр бир ички мүмкүнчүлүк. Ал эми мүмкүнчүлүк иш жүзүнө ашуу үчүн ага шарт керек. Жазуучунун ички мүмкүнчүлүгү, таланты дейли, чоң маданияты болбосо, өз заманындагы искусствонун алдыңкы жемиштеринен оозанбаса иш жүзүнө ашпайт. Жаш жазуучунун талантына керектүү шарт – маданият жана талыкпаган эмгек жана маданиятка талыкпастан кызыгуу.

* * *

Жазуучуну атайылап окутуу кыйын. Жазуучу өзүнө-өзү мугалим болууга аракеттениш керек.

* * *

Жазуучунун бир күнү текке кеткени – чоң жоготуу.

* * *

Убакытты өлчөп болбойт. Анын аягы да, башы да жок. Жерди айлангандай аны бардык жагынан айланып да чыга албайсың.

* * *

Адамзаттын түбөлүктүү турмушунда жарым кылым деген, албетте, бир көз ирмемдей эле нерсе. Мүмкүн, бул көп кылымдык караңгылык доорунан кийинки кичинекей гана жарыкчылыктыр.

* * *

Элдин өмүрү анын тилинде, элдин тили – бул феномен, бул жалпыга маанилүү кымбат нерсе. Ар бир тил – жалпы адамзат генийинин кенчи.

Топтогон: Мээрим САЙДИЛКАН