Кыргызстанда 9-декабрга карата коронавирус дагы 53 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдады.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 25, Чүй облусунда – 15, Ош облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 4 адамдан илдет жаңы табылган.

Ал эми бир суткада 54 адам илдеттен сакайып чыгып, 2 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 363 бейтап, амбулатордук түрдө 346 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 863 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 905 киши айыгып чыкса, 2 миң 766 адам каза болду.